Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусия мигранттар менен мөөнөтсүз эмгек келишимдерин жоюууну көздөп жатат

Россия Федерациясынын Эмгек министрлиги мигранттар менен түзүлгөн эмгек келишиминин шарттарын чектөөнү сунуштады

Орусиянын Эмгек министрлиги мигранттар менен эмгек келишимин түзүү мөөнөтүн эки жылга чейин чектөөнү сунуштады. Мыйзам долбоору ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун федералдык порталында жарыяланды, деп билдирет ТАСС.

«Иш берүүчүлөр Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу түрдө жашаган 18 жашка толгон чет өлкөлүк жарандарды иштөөгө уруксаты бар болсо максаттуу уюштурулган жалдоо тартибинде ишке тартууга укуктуу. Чет өлкөлүк жаранга иштөөгө уруксат аны менен түзүлгөн эмгек келишиминин мөөнөтүнө, бирок эки жылдан ашпаган мөөнөткө берилет», — деп айтылат документте.

Белгиленгендей, эгерде иш берүүчү уюмдук жалдоо алкагында чет өлкөлүк жумушчу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотсо, мигрант Россия Федерациясынын аймагынан 30 күндүн ичинде чыгып кетүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, эгерде мигрант максаттуу уюштурулган жалдоонун алкагында иштөөгө уруксат алган болсо, ал 30 күндүн ичинде орус тилин, Россиянын тарыхын жана орус мыйзамдарынын негиздерин билгендигин тастыктаган документти берүүгө тийиш.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх