Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо «Бугу» жана «Макиш» базарынын ээси кармалды

233 миллион сомдон ашык базарлар мамлекетке өткөрүлдү

Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Р.А.Т. узак убакыт бою ишкерлерден акча чогулткан, бирок ошол эле учурда фискалдык органдардан алынган пайданын жалпы реалдуу суммасын жашырган.

«Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында «Бугу» жана «Макиш» базарлары өз ыктыяры менен Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрүлдү», - деп айтылат билдирүүдө.

Базарлардын баасы 233 миллион сомдон ашык.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх