Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жетим балдарга батирлер берилди

Ачкычтарды мэр Айбек Жунушалиев тапшырды

Бишкекте жетим балдарга батирлер берилип, ачкычын мэр Айбек Жунушалиев тапшырды.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, борбор калаанын мэриясынын буйругунун негизинде шаардык прокуратуранын сунушуна ылайык, Ленин жана Октябрь райондорунда муктаж болгондорго батирлер берилди.

 

 

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 44-беренесинин 1-пунктуна ылайык турак жай жарандардын төмөнкү категорияларына кезексиз берилет:

- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын ичинен тарбиялоо жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык тейлөө мекемелеринде, фостердик үй-бүлөлөрдө, үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүндө болуу мөөнөтү аяктагандан кийин, камкорчулук (көзөмөлчүлүк) токтотулганда.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх