Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Спартак» стадионунун кичи аренасы азыр кандай жана оңдоодон кийин кандай болот - фото

Министрлер кабинетинин чечими менен арена муниципалдык менчикке өткөн

«Бишкек Главархитектура» ишканасынын адистери Тоголок Молдо көчөсү, 17 дарегинде жайгашкан «Спартак» стадионунун кичи аренанын алдын ала долбоорун иштеп чыгышты.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, долбоорго спорт залдар, калыстар бөлмөлөрү, кийим алмаштыруучу жана машыктыруучу жайлар, административдик жана башка жайлар кирет.

 

Жакында жаңы кичи аренанын курулушу башталат.

Мэрия КР министрлер кабинетинин чечими менен арена муниципалдык менчикке өткөнүн эске салды.

Бүгүнкү күндө курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик сейсмология институтунун кичи аренанын аймагындагы курулуштар жер титирөөгө туруктуу эмес жана кооптуу деген техникалык корутундусу бар.

 

 

Эске сала кетсек, буга чейин кичи аренанын аймагындагы «Арзу» жана «Тайм-аут» кафелери демонтаждалган. Бошотулган аймакта жашыл зоналарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх