Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги мектеп окуучулардан олимпиадаларга акча алууга тыюу салды

«Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жеке жоопкерчилик тартат»

КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында олимпиадалар башкармалык тарабынан бекитилген жобонун негизинде гана өткөрүлөт.

Буйрукка ылайык, билим берүү бөлүмдөрүнүн райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн, облустук билим берүү усулдук борборлорунун, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине окуучулар арасында акы төлөнүүчү олимпиадаларды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынды.

«Буйрукка баш ийбеген жетекчилер жеке жоопкерчилик тартат», - деп эскертти департамент.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар Жалал-Абад облусунда мектеп окуучуларынан кыргыз тили боюнча олимпиадага катышуу үчүн 1 миң сомдон чогултулганын билдиришкен. Бул ата-энелердин нааразычылыгын жараткан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх