Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду

Финалда ал япониялык спортчу Сакура Мотокини жеңип алды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.

Мелдеш Бишкек шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Чейрек финалда Кореядан келген спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңсе, жарым финалда Монголиянын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Финалда кыргызстандык кыз япониялык спортчу Сакура Мотокини 9:6 эсебинде жеңип, күрөш боюнча Азиянын алты жолку чемпиону аталды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх