Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев Жалал-Абаддагы чек арачыларга батирлердин ачкычтарын жана атайын техникаларды тапшырды (фото)

Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматынын имаратынын оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышы болду

Кечээ УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чек арачыларга Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы жаңы курулуп жаткан батирлердин ачкычын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлерге арналып куран окулган.
Комитеттин маалымат кызматы көп кабаттуу үйдө 67 батир бар экенин билдирди.

Ташиев өз сөзүндө президенттин тапшырмасы менен курулуштар, аскерлердин жашоо шартын, материалдык-техникалык базаларын чыңдоо аракеттери мындан ары да кызуу уланарын айтып, ошол эле учурда аскерлерге коюлган милдеттер да күчөтүлөрүн белгилеген.

Мындан сырткары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды.

Буга катар Ташиев чек арачылар үчүн алынган 25 жаңы атайын аскердик техника да тапшырган. Заманбап үлгүдөгү автоунаалар өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө таратылууда.

Ачылыш аземинин жүрүшүндө Баткен окуяларында каза болгон аскерлерге арналып куран окулуп, эстеликтерине гүл коюлду.

Сүрөт: www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх