Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жумада дээрлик 300гө жакын мас айдоочу кармалды

Жалпысынан 22,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган

22-апрелден 28-апрелге чейин Кыргызстанда 22 миң 534 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, алардын ичинен:

- 347 - тиешелүү документтери жок унаа башкаруу;

- 269 - унааны мас абалында башкаруу;

-77 - унаалардын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу;

- 890 - жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар;

- 3221 - транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу;

- 4 автобейбаштык фактысы;

- ылдамдыкты чектен ашкан 4507 учур;

- Мамлекеттик жасалма номур тагылган унааны айдоо боюнча 7 факты.

- 11370 башка жол эрежесин бузуулар.

Кошумчалай кетсек, бир жума ичинде 1842 унаа убактылуу токтотуучу жайларга токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежесин так сактоого чакырат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх