Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте шаар күнү кандай белгиленди - фото

Т.Усубалиев атындагы аянтта майрамдык концерт өттү

Кечээ, 29-апрелде Бишкек шаарынын 146 жылдыгы белгиленди. Шаар күнүнө карата борбор калаанын мэриясы майрамдык программа даярдады.

Т.Усубалиев атындагы аянтта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев, мэрлердин орун басарлары, район акимдери, шаардык кызматтардын жетекчилери, шаардыктар жана коноктордун катышуусунда майрамдык иш-чара өттү.

Майрамдык концерт борбор калаанын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерти менен башталды. Майрамдык иш-чаранын кульминациясы «Вальс кечеси» фестиваль-сынагы болду, ал Mezzo Forte оркестринин концерти менен уланды.

Майрам россиялык эстрада жылдыздарынын жаркыраган номерлери аркылуу концерттик программа менен аяктады.

 

 

  

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх