Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада биринчи жөө адамдар өтүүчү диагоналдык өтмөк пайда болду

Жакынкы арада Бишкекте экинчи өтмөк коюлушу мүмкүн

Борбордо биринчи жөө адамдар өтүүчү диагоналдык өтмөк пайда болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Ал Чүй проспектиси менен Шопокова көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Белгилер пилоттук режимде колдонулду жана кесилиштин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле жол кыймылынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган. Анын өзгөчөлүгү – бардык унаалардын кыймылы бир азга токтоп, жөө жүргүнчүлөр жолду ар тарапка, анын ичинде диагональ боюнча кесип өтүшөт.

Жол кайгуул кызматкерлери жөө жүргүнчүлөргө аны кантип өткөрүү керектигин ордунда түшүндүрүү иштерин жүргузүшүүдө. Өтмөк менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өзү таанышты.

Жакынкы арада Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине экинчи өтмөк коюу пландалууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх