Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муфтият блогер Сагынбаеваны никесиз жыныстык катнаш тууралуу айткан сөздөрүнө каттуу жооп берди

"Анын сөздөрү шарият принциптерине жана улуттук баалуулуктарга туура келбейт"

Кыргызстандын муфтияты блогер Айнура Сагынбаеванын билдирүүсүнө жооп берди. Муфтият анын диний билдирүүлөрү исламды ачык бурмалоо жана коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарына карама-каршы келерин билдирди.

«Анын коомдун, өзгөчө жаштардын адеп-ахлактык баалуулуктарына каршы айткан сөздөрү таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам принциптерине туура келбеген билдирүүлөрү көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Анткени анын кээ бир сөздөрү аны ыймандан алыстатат. Шарият принциптерине жана улуттук баалуулуктарга туура келбеген субъективдүү ойлорун билдирүүнү токтотпосо, биз тиешелүү органдарга кайрылууга аргасыз болобуз», - деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин блогер Айнура Сагынбаева эркектер үчүн узак убакыт бою жыныстык катнашка барбоо ден соолукка зыян экенин билдирген. Ошондуктан, никесиз жыныстык катнаш күнөө эмес деп айткан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх