Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир жумада 70тен ашык мас айдоочу кармалды

Дагы 90дон ашык айдоочу күбөлүгү жок кармалды

Бишкек шаарында 29-апрелден 5-майга чейин патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 8355 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

- мас абалында унаа айдагандыгы үчүн – 71;

- транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузуу – 146;

- унааны документи жок айдоо – 92;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбоо – 5268;

- мыйзамсыз тонировкалоо - 52;

- мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузуу – 1002;

- башка жол эрежесин бузуулар – 1724.

Бир жуманын ичинде убактылуу кармоочу жайга 990 унаа токтотулган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх