Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Ош облусунун “Шрек” каймана аттуу башкы наркобаронун кармады - видео

Ал аймактагы баңги агымынын эң көп бөлүгүн көзөмөлдөгөн

Криминалдык чөйрөдө “Шрек” каймана аты менен белгилүү болгон баңги затын кошуна мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган наркобарон Ош облусунда кармалганын УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 29-апрель күнү Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жараны Я.М.М кармалып, андан 1 кг салмактагы гашиш баңгизаты табылып, алынган. Ал КР УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

«Я.M.M. баңгизат агымынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган Ош облусунун негизги баңги аткезчилеринин бири. Ал өзүнүн кылмыштуу аракеттерин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында ишке ашырган. Ошондой эле Я.M.M. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун лидери катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Буга чейин ал Орусияда героин сатуу жана сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх