Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Асанбай паркында заманбап оюн-зоок паркы курулат

Чиновниктер сейил бакка көп кабаттуу үйлөрдү салбайбыз деп убада беришүүдө

Бишкектеги Асанбай паркынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын борбор калаанын мэриясы билдирди.

«Бул жаңы форматтагы жана жаңы аттракциондор менен жабдылган парк болот. Ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен айланма аттракцион да болот. Эс алуу зонасы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория жана башкалар болот. Учурда иштеп жаткан зоопарк ордунда калат жана жалпы концепцияга ылайыкташтырылып модернизацияланат», - деп билдирди муниципалитет.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө «Бишкек Главархитектура» ЖК менен биргеликте алдын ала долбоору иштелип жатат. Келечектеги парктын жалпы концепциясы бар, ал СНиПтин талаптарын эске алуу менен иштелип чыгат.

 

Учурда эски аттракциондор демонтаждалгандан кийин сейил бакты курулуш таштандыларынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Мэрия Асанбай паркынын аймагына көп кабаттуу үйлөрдү куруу планда жок экенин баса белгиледи.

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх