Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду. Жаңы вице-мэр дайындалды
Буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду
Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын транспорт жана курулуш боюнча вице-мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын апрель айында УКМК Сазыкуловду мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерге колдоо көрсөткөнү үчүн кармаган. Соттун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Мэрдин башка буйругу менен Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
Буга чейин Ырысалиев «Бишкекотеплоэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз