Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бактияр Калпаев: Баткенге караганда Бишкектен Абу-Дабиге учуу арзан

Депутат Кыргызстандагы ички авиакаттамдардын баасына нааразы

Абу-Дабиге караганда Бишкектен Баткенге учуу кымбатыраак. Бул тууралуу депутат Бактияр Калпаев парламент жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Кыргызстанда ички авиакаттамдардын баасына нааразы.

«Абу-Дабиге караганда Бишкектен Баткенге учуу кымбатыраак. Баткенге учак билети азыр 6 миң сом, Абу-Дабиге 5 миң сом. Учак Абу-Дабиге 5 саатта, ал эми Баткенге 45 мүнөттө гана учат», - деди депутат.

Ал бийликти кырдаалды көзөмөлгө алып, ички каттамдардын баасын төмөндөтүүгө чакырды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх