Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖРТга байланыштуу Бишкектеги 26 мектеп онлайн окууга өтөт

Кыргызстанда ЖРТ 18-майдан 24-майга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу Бишкектеги 26 мектеп онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу КР Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, алар төмөндөгү мектептер:

- 18-майдан 20-майга чейин - №9, 13, 31, 68, 72, 84, 93, 96 мектептер (Ленин району);
- 22-майдан 24-майга чейин - №6, 24, 27, 28, 69, 83 мектептер (Биринчи Май району);
- 18-майдан 20-майга чейин - №1, 4, 38, 65, 66, 94 мектептер (Свердлов району);
- 22-майдан 24-майга чейин - №3, 39, 62, 63, 64, 88 мектептер (Октябрь району).

Эске сала кетсек, Кыргызстанда ЖРТ үч этап менен өтөт:

- I этап - 18-20-май;
- II этап - 22-24-май;
- III этап (ЖРТга жүйөлүү себептер менен катышпай калган бүтүрүүчүлөр үчүн тестирлөө) - 21-23-июнь.

17 жана 21-май, ошондой эле 20-июнь тестирлөө борборлоруна даярдык көрүү күндөрү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх