Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Араван районундагы борбордук базар мамлекетке кайтарылды

Базар баасы – дээрлик 257 миллион сомду түзөт

Араван районунда борбордук базар мамлекетке кайтарылганын КР Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан А.Анаровский айыл өкмөтүнүн (азыркы Достук) аймагындагы 0,31 га жер тилкеси «Ш.» ЖЧКсына мыйзамсыз каттоого алганы аныкталган.

Прокуратура тарабынан берилген мамлекеттик актыны кароонун жыйынтыгы боюнча каттоо жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы канааттандырылган;

Натыйжада 256 млн 905 миң сомдук «Шахноза» борбордук базары Араван районунун Достук айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Бул фактылардын негизинде Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча тергөө амалдары УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх