Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акын Аскат Жетиген СИЗОдо кыйноолор болуп жатканын билдирди

Жаза аткаруу кызматы Жетигенден тил катын таркатты, анда ал өз сөзүнөн артка кайткан

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы СИЗО-1де камакта жаткан акын Аскат Жетигенге карата физикалык күч колдонулуп, кыйноого алынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Бир күн мурун сот отурумунда Аскат Жетиген СИЗОдогу кыйноолор боюнча айтып берген. Анын айтымында, СИЗОдо аны бир саат бою электр тогу менен кыйнашкан. Ал Акыйкатчыга жана Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылган.

ЖАК өз кезегинде акындын сөзүн четке какты

«Сүйлөшүү учурунда айыпталуучу Жетиген уулу Аскат 1-СИЗОдо кармалып турганда ага карата эч кандай физикалык мажбурлоо же кыйноо чаралары колдонулбаганы боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берди. Ал жеке коопсуздук жана ден соолук боюнча эч кандай тынчсыздануусу жок, камактагыларга жана СИЗО-1 кызматкерлерине эч кандай дооматы жок», — деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.

 

Эскерте кетсек, акын 16-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деген шек менен кармалган.Ал 2022-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече жолу суракка алынган. Учурда камоого акындын сөздөрү боюнча экспертизанын маалыматтары негиз болгон.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх