Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев Баткен районундагы чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Ошондой эле УКМКнын башчысы «Бөрү» атайын отрядынын аскер бөлүгүнүн жана казармасынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.

Регион телеканалы билдиргендей, Ташиев чек арачылардын үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү аземине катышып, дагы бир турак жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле аскер бөлүктүн жаңы имаратынын жана «Бөрү» атайын отрядынын казармасынын ачылышына катышып, аскер бөлүктөрүнө согуштук тууну тапшырды.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх