Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчылар парламенттин эки депутатынын телефондорун бузуп ачып алышкан

"Сизге сынакта балаңызга добуш бериңиз деген билдирүү келет."

Алдамчылар Жогорку Кеңештин эки депутатынын телефонун бузуп ачып алышкан. Бул тууралуу бүгүн парламентте эл депутаты Кубанычбек Самаков билдирди.

Депутаттар “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо.

Самаковдун айтымында, азыр алдамчылыктын жаңы түрү пайда болуп, досунан кандайдыр бир сынакка катышып жаткан баласына добуш берүүсүн суранган билдирүү келип түшкөн. Шилтемени басканда, шылуундар телефонуңуздун маалыматтарына кире алышат.

«Ушундай жол менен эки депутаттын телефондору хакерликке кабылды. Кызына добуш берүүнү суранган министрдин орун басарынын номеринен билдирүү келген. Ал эми шилтемеге киргенде хакерлик менен телефон бузулат», - деди депутат.

Ал УКМКнын өкүлүнөн бул маселени көзөмөлгө алууну суранды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх