Кыргызстанда Курман айт 16-июнда белгиленет
Бул күн календардын кызыл күнү болот
Быйыл Кыргызстанда Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Белгилей кетсек, бул күн календардын кызыл күнү.
Курман айт мусулмандардын эң чоң майрамы. Ал орозо аяктагандан кийин 70-күнү белгиленип, ажылык жөрөлгөсү – Меккеге зыярат аяктайт. Бул күнү курмандык чалуу салтка айланган: үй-бүлө эттин үчтөн бир бөлүгүн өзүнө сактайт, калган үчтөн экисин досторуна жана муктаж болгондорго берет.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз