Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунда чокулардын бирине Бакай атанын ысымы ыйгарылат

Чоку деңиз деңгээлинен 4457 метр бийиктикте жайгашкан

Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Талас облатындагы Айтматов районунун Бакайыр айыл аймагына караштуу Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабындагы тоо кыркаларынын эң бийик чокусуна Бакай Ата географиялык аталышын ыйгарууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Чоку деңиз деңгээлинен 4457 метр бийиктикте, Кара-Сай айылынын борборунан 32 км, райондун борборунан 62 км алыстыкта жайгашкан.

Маалым болгондой, мыйзам долбоору 2024-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Администрациялык-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында каралып, жактырылган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх