Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев патрулчуга таң эрте жумушка чыкканы үчүн 100 миң сом берди

“Ар бир мамлекеттик кызматкер ар бир саатын кызматка арнап, Кыргызстан үчүн жан-дили менен иштөөгө милдеттүү”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев патрулдук милиция кызматкерине эртең менен эрте жумушка чыкканы үчүн 100 миң сом тапшырды.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Ташиев бүгүн таңкы саат 5.30да жумушка келе жатып, Бишкектин көчөлөрүнүн биринде патрулдук милиция кызматкерин кызматтык милдетин жалгыз аткарып жатканын көргөн.

«Камчыбек Кыдыршаевич патрулдук милиция кызматкеринин эртең менен кызматтык милдетин аткарып жатканын баалап, ага белек жана 100 миң сом тапшырды. Белекти тапшырып жатып, Камчыбек Ташиев «ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн ар бир саатын кызматка арнап, жан-дили менен иштөөгө милдеттүү», - деп белгиледи УКМК.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх