Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы чет элдик номурлуу унаалардын баарын текшерет

Республика боюнча рейддер өткөрүлөт

Жакынкы күндөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы өлкө боюнча рейддерди өткөрүп, чет элдик номурлуу унааларды текшерүүгө алат.

Мекемеден билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Армения менен Орусиядан автоунаалардын тетиктери: кыймылдаткычтар, дөңгөлөктөр, кузовдор жана башка тетиктер алынып келинип, алардан сатуу үчүн унаалар чогултулат. Чет өлкөдө транспорт каражатын каттоо күбөлүктөрү транспорт каражатын Кыргыз Республикасына бажылык киргизүүнү каттоосуз берилет.

Рейдге ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын издөө бөлүмүнүн, УКМКнын Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери катышат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх