Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сүрөт: Ысык-Көлдө Павел Дуров жана Хасан Гусейновдор байкалды

Аларды Чолпон-Ата шаарындагы петроглифтер музейинен көрүштү

Социалдык тармактарда Telegram мессенджеринин жаратуучусу Павел Дуров менен орусиялык блогер Гасан Гусеиновдун Ысык-Көлдө эс алып жүргөн сүрөтү пайда болду.

Социалдык тармактардын колдонуучулары Дуров менен Гусеинов Чолпон-Атадагы петроглифтер музейинен байкалганын жазышууда.

 

Эске сала кетсек, буга чейин Павел Дуров Кыргызстанга учуп келип, Ысык-Көлдө жүргөнү тууралуу маалымат чыккан.

Миллиардер быйыл жайда Борбор Азияга барууну пландап жатканын буга чейин билдирген.

«Telegramдын башкы директору катары мен эс алууга чыкпайм. Мен иштей берем жана адаттан тыш жерлерден колдонуучулар менен жолугушам. Ушул жайда жашоо менен таанышуу, адамдардын Telegramды кантип колдонорун, ошондой эле колдонуучуларыбыздын санариптик муктаждыктарын изилдөө үчүн Борбор Азияны изилдөөнү чечтим», — деп жазган ал 10-июнда өзүнүн Telegram каналында.

 

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх