Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

Эми бул имарат мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары өз максатына ылайык пайдаланылат

Балыкчыда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бала бакчанын имараты жанаша жайгашкан жер тилкеси менен бирге жалпы аянты 5650 чарчы метрди түзгөн. Балыкчы шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан 52 млн 360 миң сомдук мүлкү прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекеттин балансына кабыл алынды. Мурдагы менчик ээлеринин жеке менчикке законсуз укугу закондо белгиленген тартипте жоюлду.

Келечекте бул социалдык объект мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары өз максатына ылайык пайдаланылат.

 

Сүрөт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх