Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадиону оңдолуп жатат

Аталган иштерди «Кыргыз Курулуш» мамлекеттик уюму ишке ашырууда

Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадион реконструкцияланууда.

Маалыматка ылайык, стадионду реконструкциялоо иштеринин алкагында трибунанын алдында жайгашкан бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, гибриддик оюн талаасы, жаңы автоматтык суугаруу системасы, жарыктандыруу шам-чырактары орнотулуп, чуркоо аянтчалары менен отургучтар толугу менен жаңыланат.

Аталган иштерди «Кыргыз Курулуш» мамлекеттик уюму ишке ашырууда, анда Кыргыз футбол биримдиги өз консультативдик кеңешин берет.

План боюнча реконструкция толугу менен ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх