Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү Рух Ордого кирүү акысы арзандады - Аскат Алагөзов

Аткаминер эмне үчүн туристтик борборго барууну толугу менен бекер кылуу мүмкүн эместигин түшүндүрдү

Ысык-Көлдөгү «Рух Ордо» туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин Рух Ордого кирүү үчүн ар бир зыяратчыдан дайыма акы алынчу.

«Ал убакта бул туристтик борборду жеке адамдар башкарып турган. 2020-жылга чейин кирүү акысы 400 сом болсо, кийин 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул сумма бүгүнкү күнгө чейин өзгөрүүсүз калган. Бүгүнкү күндө «Рух Ордо» мамлекеттин карамагына өтүп, бардык документалдык жана башка процедуралардан өткөндөн кийин быйыл туристтерди кабыл ала баштады. Көп өтпөй эле айрым жарандар кирүү акысына (500 сом) нааразылыгын билдиришкен. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын руханий жактан байышына жеткиликтүү шарттарды түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго чейин төмөндөтүлдү. Суроолор келип чыгышы мүмкүн: "Эмне үчүн кирүү бекер болбойт?" Бирок борбордун имараттарын жакшы абалда кармап туруу, аларды жакшыртуу жана ыңгайлаштыруу үчүн каражат керек экенин эстен чыгарбашыбыз керек», - деп жазды Алагөзов.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх