Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруунун мөөнөтү узартылды

Мыйзамга президент кол койду

Садыр Жапаров “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 6-июнунда кабыл алынган.

Ал мыйзам боюнча мүлктү ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтүн 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылат. Ошентип, активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2023-жылдын 9-июнунан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чейин болот.

Мыйзам ошондой эле жеке нотариустар жеке жактын мүлкү жөнүндө атайын декларацияларды күбөлөндүрүү боюнча нотариалдык иш-аракеттерди жасоого укуктуу деп каралат.

Мындан тышкары, Мыйзам бирдиктүү салык декларациясын жок кылууга байланыштуу декларациянын субъектинин кароосу боюнча мурда декларацияланган активдер атайын декларацияга киргизилиши мүмкүн болгон ченемдерди карайт. Декларация субъектине карата «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келген мыйзамдардын ченемдерин колдонууга тыюу салынат. "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген кепилдиктер кайра каралбайт.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх