Ош шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды
Аны менен Кыргызстандын экинчи борборунан 96 жүргүнчү учуп келди
Ош шаарынан Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июнда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду. Аны менен Кыргызстандын экинчи борборунан 96 жүргүнчү учуп келди.
"Алдыда июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан күн сайын каттамдар аткарыла тургандыгы пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз