Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жылда 12,6 миң түгөй эки ача жолго түшкөн. Статистика

Өлкөдө өткөн жылы баш-аягы 45,5 миң нике катталган

Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата берилген маалыматында айтылды.

Өлкөдө өткөн жылы баш-аягы 45,5 миң нике катталган. Анын ичинен 13,1 миң түгөй шаарларда үйлөнсө, 32,4 миңи айылдарда баш кошкон. Бирок былтыр эки жолго түшкөндөрдүн саны 12,6 миң түйгөйдү түзгөн.

Статком ошондой эле Кыргызстандын калкы 2023-жылы 7 миллион 162 миң адамга жеткенин билдирди. Анын 50,5 пайызы аялдар болсо, эркектер калктын 49,5 пайызын түзөт. Кыргызстандыктардын 35 пайызы шаарларда жашаса, калган бөлүгү элеттиктер экени маалым болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх