Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

Медайымдардын жана кенже медициналык кызматкерлердин айлык акысы да жогорулайт

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Ага ылайык, медайымдардын маянасы 20%, кенже медицина кызматкерлеринин айлыктары 10%га жогорулайт.

Исмаилов ошондой эле 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң сомдон үстөк акылар берилерин белгиледи.

«Маселе буга чейин эле чечилген. Президенттин жарлыгы даярдалып жатат», - деди ал.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх