Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Якутскиде кыргызстандыктар катышкан "Азия балдары" оюндары башталат

Быйыл иш-чарага 25 өлкөдөн келген үч миңден ашуун жаш спортчулардын катышары күтүлүүдө

Бүгүн, 25-июнда, Россиянын Якутск шаарында "Азия балдары — 2024" эл аралык спорттук оюндар башталат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, мелдешке 187 кыргызстандык спортчу катышмакчы.

"Алар спорттун 22 түрүндө күч сынашат", — деп билдиришти министрликтен.
"Азия балдары" оюндары 7-июлга чейин өтөт. Алгачкы мелдеш 1996-жылы Якутск шаарында болгон. Быйыл иш-чарага 25 өлкөдөн келген үч миңден ашуун жаш спортчулардын катышары күтүлүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх