Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Араванда сот кыргызстандык жаранды СВОго катышканы үчүн беш жылга эркинен ажыратты

Айыпталуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт

10-майда Ош облусунун Араван райондук соту орус аскерлеринин катарында Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Кыргыз Республикасынын жараны М.К.у.ну 5 жылга эркинен ажыратты, деп жазат «Азаттык».

Сот жаранды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси («Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же аскердик аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү») боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратылды. Айыпталуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Белгиленгендей, бул беренеде мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган. Бирок, сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу соттолуучунун жаза мөөнөтү ырайым кылуу мыйзамына ылайык кыскартылганын, ошондой эле СИЗОдогу бир күн эки болуп эсептелгенине байланыштуу, деп түшүндүрдү..

Өз кезегинде айыпталуучу райондук соттун өкүмүнө каршы Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх