Ала-Тоо аянтындагы Эл достугунун монументи реставрацияланат - фото
Эски мрамор толугу менен жаңысына алмаштырылат
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Эл достугу монументин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын борбор калаанын мэриясы билдирди.
Анын айтымында, борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун алкагында эстеликти жаңылоо, анын ичинде коло элементтерди жана барельефтин алкактарын сырдоо иштери жүрүп жатат.
Эски мрамор толугу менен жаңысына алмаштырылат. Айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү да каралган.
Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз