Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

А.Жапаров Улуттук банктын кызматкерлерин "комфорт зонадан" чыгууга чакырды

Акылбек Жапаров Улуттук банктын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

Акылбек Жапаров Улуттук банктын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн системалык реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.

Акылбек Жапаров Улуттук банктын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жыйында өлкөдөгү макроэкономикалык кырдаал жана акча-кредит саясаты талкууланган. Акылбек Жапаров Улуттук банктын эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн системалык реформаларды жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле Жапаров банктын жаңы жетекчилигине санариптик сомду киргизүүнү тездетүүнү тапшырган.

"Минкаб башчысы акча которуу системасын өзгөртүү боюнча сунуштарды тез арада даярдоону тапшырды. Ал белгилегендей, накталай эмес которууда комиссия жарандардын эсебинен алынып, накталай эмес эсептешүүгө өтүүнү жайлатууда", — деп жазылган маалыматта.
Жыйынтыгында Акылбек Жапаров Улуттук банктын кызматкерлерин "комфорт зонадан" чыгууга чакырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх