Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

50 миң сом убадалашууда. Улуттук банк шылуундуктун жаңы түрү тууралуу

Улуттук банк телефон шылуунчулугунун дагы бир түрү пайда болгонун эскертип, сак болууга чакырды

Улуттук банк эч качан телефон аркылуу белгисиз адамдарга жеке маалыматтарды берүүгө болбой турганын белгиледи.

Улуттук банк телефон шылуунчулугунун дагы бир түрү пайда болгонун эскертип, сак болууга чакырды.
Башкы банк алдамчылар белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, анда Улуттук банк "Кыргызнефтегаз" менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасын иштеп чыкканы кабарланганын белгиледи.

"Шылуундар 50 миң сомду алуу үчүн жарандарды шилтеме боюнча кирип катталууга чакырууда. Бул алдамчылыктын бир түрү, максаты — жеке маалыматтарга ээ болуу. Мындай жол менен эсептеги акча каражатынан кол жууп калуу коркунучу күч", — деп жазылган маалыматта.

Улуттук банк жеке маалыматты, картанын номерин, PIN-кодун, жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга эч убакта айтпоо керектигин эскертти.

"Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин жазбаңыз", — деп кайрылган Улуттук банк.
Эске сала кетсек, буга чейин шылуундар акча уурдоо максатында Улуттук банктын атын жамынып жасалма билдирүүлөрдү жибере башташкан. Улуттук банк эч качан жарандардан жеке жана жашыруун маалыматтарын телефон аркылуу сурабай турганын эске салды. Анын үстүнө Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке жактарды тейлебейт, калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх