Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто "Бий өнөрү — 2024" эл аралык фестивалы өтүп жатат

Анын алкагында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси ачылды

Иш-чарага Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бий топтору катышып жатканы белгиленди.
Ош шаарында "Бий өнөрү-2024" II эл аралык бий фестивалы өтүп жатат.
Маалыматка ылайык, кечээ фестивалдын 100дөн ашык катышуучусу шаардын Ленин көчөсү менен жөө жүрүш жасашты.

Оштун борбордук көчөсү аркылуу Токтогул Сатылганов атындагы маданият жана эс алуу паркына чейин барышып, анда фестивалдын ачылыш аземи жана сынактын катышуучуларынын өнөрлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чарага Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бий топтору катышып жатканы белгиленди. Анын алкагында Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси ачылды.
Фестиваль 11-июлга чейин уланат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх