Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министри Жылдыз Полотова: Жумуш орундары түзүлдү, эмгек шарттарын жакшыртууга  убакыт келди

Буйруктарды аткаруунун алкагында иш берүүчүлөргө 25 миллион 990 миң сом өлчөмүндө мөөнөтүнөн кечиктирилген эмгек акы төлөндү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотованын катышуусунда КР Профсоюздар Федерациясы жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жылдыз Полотова мамлекет, иш берүүчүлөр жана кызматкерлердин ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү активдештирүү боюнча буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдады.

"Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров адам капиталын элибиздин башкы байлыгы деп атады. Биздин министрликтин милдети-ишке орноштуруу жана жумуш менен ар бир адамдын өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн максималдуу шарт түзүү. Бул үчүн биз Улуттук эмгек рыногун изилдөөнү жүргүзүп жатабыз, ал тийиштүү кадрларды даярдоо үчүн иш берүүчүлөр жетишсиз болуп жаткан кесиптерди жана адистиктерди, көндүмдөрдү жана компетенцияларды аныктоого мүмкүндүк берет.

Министрлер Кабинети жумуш орундарын түзүп жатат, эми иш берүүчүлөргө татыктуу эмгек шарттарын камсыз кылууга кез келди. Мамлекет, профсоюздар жана иш берүүчүлөрдүн ортосундагы конструктивдүү диалог эмгек маданиятын жана ага ылайык кызматкерлердин жашоо сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге республикада капиталдын агылып кетишине жол бербөө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Лицензиялоо реформаланды, ишкерликти текшерүүгө мораторий киргизилди, социалдык маанилүү товарлардын баасын убактылуу жөнгө салууга жол берилди. Тоолуу аймактарда иштеген аялдарды социалдык жактан колдоо максатында 2024-жылдын 1-январынан тартып убактылуу эмгекке жарамсыздык жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү», - деди ал.

Министр ошондой эле майыптыгы бар адамдарды эмгекке интеграциялоо жана эмгекти коргоо чараларын белгиледи.

"Эмгек кодексине ылайык, иш берүүчүлөр атайын жумуш орундарын түзүүгө же майыптыгы бар адамдарды жумушка алууга милдеттүү. Ошондой эле эмгекчилердин укуктарын коргоого жумуш ордунда зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө каршы ЭЭУнун 190 - конвенциясын ратификациялоо багытталган, бул Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов менен жолугушуунун жүрүшүндө ЭЭУнун башкы директору тарабынан жакшы белгиленген", - деп баса белгиледи ал.

Эмгек коопсуздугу тууралуу айтып жатып, Жылдыз Полотова эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ведомстволук кызматтын ишмердигин баса белгиледи.

"Ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилгенден кийин өткөн жылы аталган кызмат жарандардын арыздары боюнча 1237 текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2613 эмгек мыйзамдарын бузуу аныкталган.

Буйруктарды аткаруунун алкагында иш берүүчүлөргө 25 миллион 990 миң сом өлчөмүндө мөөнөтүнөн кечиктирилген эмгек акы төлөндү”, - дейт Жылдыз Полотова.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх