Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте магистралдык каналдар тазаланууда

Бирок, бул иштерге карабастан, кайра эле каналдар таштандыларга толуп калууда

Бишкек шаарынын магистралдык каналдарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек жашыл курулуш муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда Аалы Токомбаев көчөсүндөгү Асанбай каналынын Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн баштап Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыгын тазаланып жатат.

Белгиленгендей, шаардын ирригациялык тармактарын тазалоо иштери жазында жана күзүндө жүргүзүлөт.

«Бирок, бул иштерге карабастан, кайра эле каналдар таштандыларга толуп калууда. Мындан улам муниципалдык ишкана шаар тургундарын магистралдык каналдарды, дринаждык жана ирригациялык тармактарды таштандыларга толтурбоону суранат», — деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх