Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев ишке киришти

Акылбек Жапаров ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады

11-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырды.

МинКаб кабарлагандай, Акылбек Жапаров Ош-Бишкек жолун реконструкциялоо иштерин тез арада ишке ашырууну, ошондой эле быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында түндүк-түштүк унаажолун ачуу зарылдыгын белгиледи.

Иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мурдагы министри, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев да катышты. Акылбек Жапаров ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх