Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия шаардыктарды чөп, таштанды өрттөбөөгө чакырды

Кургак чөптү өрттөө үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 500 сом айып пул салынат

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин этибарга албай кургак чөптөрдү жана башка тиричилик таштандыларын өрттөгөндөр административдик жоопкерчиликке тартылышууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, муниципалдык инспекторлор учурда рейд өткөрүп, чөп, тыюу салынган буюмдарды өрттөп жаткандарга айып пул салууда.

"Кургак чөптү өрттөө үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7 500 сом айып пул салынат. Юридикалык жактар 23 000 сомго чейин айыпка жыгылат ", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет инспекциянын ишине байланышкан суроолор боюнча 0312 597526 номерине чалууну өтүндү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх