Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган

Бүгүн, 15-июлда Байтик Баатыр менен Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, учурда жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.

“Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган. Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда”, - деп белгиленген маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх