Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскердик даңк музейинин имараты буздурулат – Маданият министрлиги

Имаратты изилдөөнүн натыйжасында имараттын физикалык жактан сакталышы канааттандыраарлык эмес абалда экендиги аныкталды

Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты тарыхый- маданий жана архитектура эстелиги тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча техникалык корутундуга ылайык, Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, 132 (Логвиненко, 25) дарегинде жайгашкан музейдин имараты жер титирөөгө туруктуу эмес деп классификацияланып, имараттын жайын азыркы абалында пайдаланууга жол берилбейт деген корутунду чыккан.

Мындан улам, учурдагы имаратты бузуу жана сейсмикалык райондордо курулуштун учурдагы талаптарына жооп берген заманбап сейсмикалык туруктуу имаратты куруу сунушталган.

Ошондой эле 2024- жылдын 2-февралындагы өрт актысына ылайык, экинчи кабаттын корридорунда өрт фактысы катталган.

Имаратты изилдөөнүн натыйжасында имараттын физикалык жактан сакталышы канааттандыраарлык эмес абалда экендиги, зымдардын күйгөнүнөн, суу түтүгүнөн чыккан тактар байкалгандыгы, горизонталдуу жаракалар көрүнүп тургандыгы, экинчи кабатта пол жарым-жартылай жок экендиги аныкталды.

Жогоруда баяндалгандын негизинде тарых жана архитектура эстелиги болуп саналган Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имаратынын мындан ары пайдаланышы техникалык жактан жараксыз абалын эске алуу менен КР өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы токтому менен бекитилген Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен баалуулугун жоготту деп таанылды.

Белгилей кетсек, Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейи республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин Мамлекеттик тизмесине кабыл алынгандан кийин 20 жылдан ашык убакыттан бери ал авариялык абалда болуп, оңдоо жана реставрациялоо иштерине жатпаган жана андан аркы иштеши адамдардын коопсуздугуна жана өмүрүнө коркунуч туудура турган жай болуп калган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх