Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэрия Бишкектеги башкы жолдор качан жасалып бүтөрүн айтты

Горький көчөсүн Манас проспектисинен 7-Апрелге чейин жасоо да пландалууда

Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү жол оңдоо иштери качан бүтөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, мөөнөттөр тендер жарыяланганда белгиленген.

Төмөндө жол оңдоо иштеринин бүтө турган убактылары:

  • Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү 20-августка карата бүтөт;
  • Абдрахманов (Совет) көчөсүнүн Токомбаевден Жибек Жолуна чейинки бөлүгүн оңдоо иши 20-августка барат;
  • Чүй проспектисинин Манастан Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү 20-сентябрда бүтүшү керек. Бул жолду оңдоо иштери 18-июлда башталат;
  • Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейинки бөлүгү 10-15-октябрга чейин жасалмакчы. Мэрия бул жолдун туурасы кенен экенин эскертип, аба ырайы да эске алынганын айтты;
  • Бүгүн Юнусалиев көчөсү Сухэ Батордон Горькийге чейин жабылды. Качан оңдолуп бүтөрү белгисиз.

Горький көчөсүн Манас проспектисинен 7-Апрелге чейин жасоо да пландалууда. Мэрия мөөнөт белгиленгени менен иш графиктен алдыда жүрүп жатканын кошумчалады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх