Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов Жетим балдар үчүн Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына курулуп жаткан үйдүн курулушу менен таанышты

Билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жетим балдар үчүн жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына барды.

Билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат.

Эдил Байсалов мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо шарты жана мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Билим берүү мекемесинин аймагында кичи-футбол аянтчасы курулуп жатат, белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 1 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары мектеп-интернатынын тарбиялануучулары үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен мектептин айланасында 18 батирлүү турак-жай курулууда. Учурда шыбак иштери башталды.

Таанышууунун жүрүшүндө учурдагы милдеттер жана долбоорду өз мөөнөтүндө бүтүрүү пландары талкууланды.

Эдил Байсалов курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында аяктоо, ошондой эле бүтүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө мектеп-интернаттын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле МинКаб Төрагасынын орун басары Токмок шаарындагы бир катар социалдык объектилерде да болду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх