Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында унаалардын топтолушунун себеби айтылды

Бул чек ара аймагында жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу

Азыркы учурда Алматы облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы "Кеген" өткөрүү бекетинде унаа каражаттарынын тыгыны байкалууда. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, бул чек ара аймагында жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

"Башка чек ара пункттары штаттык режимде иштеп жатат, эч кандай чектөө киргизилген жок. Абалды эске алып, мүмкүн болсо жол каттамын өзгөртүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх