Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакытбек Жумагулов: Кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык деңгээлге чыгып баратат

Анын негизги белгилеринин бири – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун башталышы

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Бакытбек Жумагулов: Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барганын төрт башка деңгээлден караса болот – убакыт, инсандык фактор, регионалдык жана глобалдык акыбал аркылуу.

Убакыт менен инсандык факторлор – эки өлкөнү ар башка жетекчилер башкарган мезгилдер менен байланыштырса болот, регионалдык жана глобалдык маселелер болсо – СССР чачырагандан кийин Борбор Азиядагы беш жумурият өнүгүүнүн ар башка моделин тандап алганына көз каранды.

Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен салыштырганда, Кыргызстан акыркы жылдары Өзбекстан менен тыгызыраак кызматташып баратат, анын негизги белгилеринин бири – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун башталышы. Аны менен катар Өзбекстан азыр Кыргызстанга инвестиция сала баштады жана анын биринчи белгилеринин бири – Чүй облусунда автомашине кураган заводдун ишке кириши, аны менен Кыргызстандын өнөр жайын жогорку деңгээлге чыгарууга Өзбекстан чоң салып кошуп жатат.

https://youtu.be/WEgURcssAsU

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх