Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Математикадан эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучу алтын байге алды

Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты

Кыргызстан 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи.

Кыргызстандык окуучулар бир алтын медаль,үч күмүш медал жана эки ардак грамотага ээ болгонун Билим берүү жана илим министрлиги 21-июлда билдирди.

Биринчи орунду Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучусу Назар Киргизбаев ээледи.

Күмүш медалды “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус, эл аралык UWIS мектебинде билим алган Элдар Искендер алды. Үч окуучуну тең мугалим Мамат Ишматов олимпиадага даярдаган. Дагы бир күмүш медалга Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин окуучусу Искен Кенжебаев ээ болду. Анын мугалими - Азамат Аскаров.

Ишматовдун дагы эки окуучусу - Нурсултан Эшперов менен Султан Мусахожаем Ардак грамота алышты.

Эл аралык математикалык олимпиада 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өтүп, 600дөн ашуун окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында командалык эсепте алдыңкы үчтүктү АКШ, Кытай, Түштүк Корея ээледи. Борбор Азиядан Казакстан 43-орун, Өзбекстан 61-орунду алды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх